35-берене. Гранттык комиссиянын долбоордук сунуштарды баалашы
Күчүндө · 25.07.2023 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 августа 2022 года № 82
1. Долбоордук сунуштар конкурстун документтерин кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде бааланат.
2. Гранттык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан долбоордук сунуштар төмөндөгү тартипте бааланат:
1) долбоордук сунуштар гранттык комиссиянын мүчөлөрүнө электрондук формада, PDF форматында берилет;
2) гранттык комиссиянын мүчөсү ар бир долбоордук сунушту изилдейт;
3) гранттык комиссиянын мүчөсүнө ар бир долбоордук сунуш боюнча баалоо барагы берилет;
4) долбоордук сунуштарды изилдөөнүн натыйжалары боюнча ар бир долбоордук сунуш гранттык комиссия тарабынан талкууга алынат; гранттык комиссиянын мүчөсү аларды баалоо барагына ар бир баалоо критерийи боюнча баллдарды коёт;
5) гранттык комиссиянын мүчөсү бардык баалоо критерийлери боюнча баалоо барагында койгон балдар суммаланат жана алынган сумма гранттык комиссиянын мүчөсүнүн долбоордук сунушту баалоосу деп эсептелет;
6) ар бир долбоордук сунуш боюнча гранттык комиссиянын мүчөлөрүнүн баалары суммаланат жана баалоо барактарынын санына барабар санга бөлүнөт, алынган орточо сан долбоордук сунуш боюнча жыйынтыктоочу балл болуп эсептелет;
7) долбоордук сунуш боюнча жыйынтыктоочу баллдар азаюу тартибинде жалпы рейтинг тизмесине киргизилет;
8) эгерде бир нече долбоордук сунуш бирдей санда балл алса, анда алар конкурска катышуу үчүн документтердин бардык пакетин берүү убактысы боюнча (хронологиялык ырааттуулукта) рейтинг тизмесине киргизилет; бардык документтердин пакети бир убакта берилген учурда, ушул долбоордук сунуштардын рейтинг тизмесиндеги ордун аныктоо үчүн гранттык комиссия аныктаган тартипте чүчүкулак өткөрүлөт;
9) гранттык комиссиянын чечими менен рейтинг тизмесинде долбоордук сунуштары эң жогорку балл алган конкурстун катышуучулары жарыяланган конкурстун темасы боюнча жеңүүчүлөр болуп таанылат.
(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
35-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 августа 2022 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном заказе"Редакцияларды салыштыруу
05.08.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…сунуштар конкурстун документтерин кабыл алуу аяктаган күндөн тартып алынып салынды: 30 кошулду: 20 календардык күндүн ичинде бааланат.
2. Гранттык комиссиянын мүчөлөрү … жарыяланган конкурстун темасы боюнча жеңүүчүлөр болуп таанылат.
кошулду: (КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111577/st-35" title="35-берене - Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>