34-берене. Долбоордук сунуштарды баалоо ыкмалары
Күчүндө · 25.07.2023 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 августа 2022 года № 82
1. Гранттык комиссия долбоордук сунуштарды төмөндөгү ыкмалардын бири менен баалайт:
1) жарыяланган конкурстун бардык темалары боюнча конкурстун катышуучуларынын бардык долбоордук сунуштарын ушул Мыйзамдын 35-беренесинде каралган тартипте өз алдынча баалайт;
2) келип түшкөн долбоордук сунуштардын бир бөлүгүн өз алдынча баалайт, ал эми долбоордук сунуштардын калган бөлүктөрүн баалоо үчүн эксперттерди тартат;
3) бардык долбоордук сунуштарды баалоо үчүн эксперттерди тартат.
2. Гранттык комиссия долбоордук сунуштарды баалоо ыкмасын тандоо жөнүндө чечимди добуш берүү жолу менен кабыл алат. Чечим добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат жана гранттык комиссиянын жыйынынын протоколуна киргизилет.
3. Конкурстун жеңүүчүлөрүн тандоо механизминде бюджеттик каражаттардын каалагандай негизде, анын ичинде жеке же башка себептер боюнча берилишин болтурбоо үчүн долбоордук сунуштарды калыс жана объективдүү баалоо караштырылууга тийиш.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү, анын ичинде гранттарды берүү, гранттык комиссиянын ишинин жана коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга карата конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоодо кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо, аларды табуу жана жоюу боюнча механизмдерди өзүнө камтууга тийиш.
(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
34-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 августа 2022 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном заказе"Редакцияларды салыштыруу
05.08.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…алынат жана гранттык комиссиянын жыйынынын протоколуна киргизилет. кошулду: 3. Конкурстун жеңүүчүлөрүн тандоо механизминде бюджеттик каражаттардын каалагандай негизде, анын ичинде жеке же башка себептер боюнча берилишин болтурбоо үчүн долбоордук сунуштарды калыс жана объективдүү баалоо караштырылууга тийиш. 4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү, анын ичинде гранттарды берүү, гранттык комиссиянын ишинин жана коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга карата конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоодо кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо, аларды табуу жана жоюу боюнча механизмдерди өзүнө камтууга тийиш. (КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111577/st-34" title="34-берене - Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>