17-берене. Мамлекеттик социалдык заказды коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо формасында ишке ашыруунун тартиби
Күчүндө · 25.07.2023 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 августа 2022 года № 82
1. Коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо формасындагы мамлекеттик социалдык заказ социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана/же коомдук пайдалуу максаттарга жетүү үчүн төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) мамлекеттик заказчы, программаны жүзөгө ашыруу планына ылайык, коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү жөнүндө мамлекеттик жана/же расмий тилде кулактандырууну өзүнүн расмий сайтында жайгаштырат, ал эми расмий сайты болбогон учурда өзүнүн маалымат тактасында жайгаштырат жана нускалары жана жайылтуу аймагы потенциалдуу аткаруучулардын, ошондой эле социалдык кызматтарды алуучулардын маалымдуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берген жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт;
2) мамлекеттик заказчы гранттык комиссияны түзөт;
3) коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруунун конкурсуна катышууну каалаган коммерциялык эмес уюм мамлекеттик заказчыга тиешелүү арыз жөнөтөт;
4) гранттык комиссия келип түшкөн долбоордук сунуштарды карап чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген долбоордук сунуштарды баалоо критерийлерине ылайык конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктайт;
5) мамлекеттик заказчы конкурстун жеңүүчүлөрү менен коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө келишимдерди түзөт жана коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аларды гранттар түрүндө каржылайт;
6) конкурста жеңген коммерциялык эмес уюмдар коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырат жана мамлекеттик заказчыга тиешелүү отчетторду берет.
2. Коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү, анын ичинде гранттарды берүү, гранттык комиссиянын ишин жүргүзүү жана коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу тартиби ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Жобо менен аныкталат.
(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 5 августа 2022 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном заказе"Редакцияларды салыштыруу
05.08.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жөнөтөт;
4) гранттык комиссия келип түшкөн долбоордук сунуштарды алынып салынды: карайт кошулду: карап чыгат жана алынып салынды: ушул Мыйзамдын 31-беренесинде белгиленген критерийлерге кошулду: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген долбоордук сунуштарды баалоо критерийлерине ылайык конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктайт;
5) мамлекеттик заказчы … ишке ашыруу тартиби ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Жобо менен аныкталат.
кошулду: (КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталы жөнүндө ЖОБОПоложение · 15.12.2017 · № 814
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 814 "Мамлекеттик социалдык заказдын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.12.2017 · № 814 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 814 токтомуПостановление · 15.12.2017 · № 814
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111577/st-17" title="17-берене - Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>