Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-18.
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 28-апрели № 66 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2017-жылдын 30-мартында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 242-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"242-берене. Медициналык жана ветеринариялык иш чөйрөсүндөгү товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын беримдери
1. Протездик-ортопедиялык буюмдардын беримдери, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн адистештирилген товарлардын беримдери, анын ичинде аларды оңдоону кошкондо, КНС бошотулган беримдер болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тизмек боюнча дары каражаттарынын, анын ичинде жаныбарлар үчүн вакциналардын жана дары каражаттарынын, ошондой эле медициналык багыттагы буюмдардын беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.";
2) 255-беренеде:
а) берененин аталышында ", жаныбарлар үчүн вакциналардын жана дары каражаттарынын" деген сөздөр алып салынсын;
б) ", ошондой эле жаныбарлар үчүн вакциналардын жана дары каражаттарынын" деген сөздөр алып салынсын;
3) 257-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 2-пунктунда "майыптар" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 12-пункту "каражаттары" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде жаныбарлар үчүн вакциналар жана дары каражаттары, ошондой эле медициналык багыттагы буюмдар" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 258-берененин 1-бөлүгүндө ", ошондой эле жаныбарлар үчүн вакциналар жана дары каражаттары" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 16-майында № 59 (2784) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон