304-берене. Бонустун ставкасы
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Иштетүү үчүн пайдалуу кендердин запастарынын санына, ошондой эле пайдалуу кендерди издөө жана чалгындоо жана коммерциялык максаттар үчүн минералогиялык, палеонтологиялык коллекцияларды жана декоративдүү максаттар үчүн таш материалдарын жыйноо жана таш менен жасалгалоо жана курулуш материалы түрүндө пайдалануу үчүн лицензияланган аянттын өлчөмүнө жараша классификациялык таблица боюнча пайдалуу кендердин түрлөрү боюнча бонустун ставкасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленилет.";
5) 306-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"306-берене. Салыктык отчётту берүүнүн жана төлөөнүн мөөнөттөрү
1. Ушул Кодекстин 302-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларда, бонус салыгын төлөөчү салык органына жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган тийиштүү эсептөөлөрдү берет жана жер казынасын пайдалануу укугуна документ берилген күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен эсептик катталган жер боюнча бонусту төлөйт.
2. Ушул Кодекстин 302-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларда, бонус салыгын төлөөчү салык органына жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган тийиштүү эсептөөлөрдү берет жана кийинки ай үчүн айдын акыркы күнүнөн кечиктирбестен эсептик катталган жер боюнча бонусту төлөйт, мындай учурда:
1) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күрөө үчүн өндүрүп алуунун же андай укукту берүүнүн натыйжасында жер казынасын пайдалануу укугу өткөндүгү жөнүндө чечим кабыл алынганда;
2) юридикалык жактын - жер казынасын пайдалануучунун уставдык капиталында менчик үлүшүнүн өзгөрүлгөндүгүн каттоо жүргүзүлгөндө;
3) Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан пайдалуу кендердин запастарынын көбөйгөндүгү эсепке алынганда;
4) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лицензиялык аянттын өлчөмүнүн көбөйгөндүгү же мурда билдирилбеген пайдалуу кендердин жаңы түрлөрүнө жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө чечим кабыл алынганда.".
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
304-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111569/st-304" title="304-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>