303-берене. Салыктык база
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Төмөнкүлөр бонусту эсептөө үчүн салыктык база болуп саналат:
1) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө (жер алдындагы сууларды чыгарууну кошпогондо) - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балансында эсепке алынган пайдалуу кендердин запастарынын саны;
2) жер алдындагы сууларды алууда - алууга жаткан билдирилген суунун көлөмү;
3) пайдалуу кендерди чалгындоодо жана издөөдө - лицензияланган аянттын өлчөмү;
4) коммерциялык максаттар үчүн минералогиялык, палеонтологиялык коллекцияларды жана декоративдүү максаттар үчүн таш материалдарын жыйноодо жана таш менен жасалгалоо жана курулуш материалдары түрүндө пайдаланууда - лицензияланган аянттын өлчөмү;
5) жер казынасын пайдалануу укугу өткөрүлгөндө, өткөрүп берилгенде - жер казынасын пайдалануучунун (иштетүү укугу боюнча) отчётуна ылайык көрсөтүлгөн учурда, иштетилбей калган пайдалуу кендердин запастарынын саны же лицензияланган аянттын өлчөмү;
6) пайдалануу укугуна ээлердин уставдык капиталындагы менчик үлүштөрү өзгөргөндө - жер казынасын пайдалануучунун (иштетүү укугу боюнча) отчётуна ылайык көрсөтүлгөн учурда, иштетилбей калган пайдалуу кендердин запастарынын саны же лицензияланган аянттын өлчөмү, бул үлүштүн салыштырмалуу өзгөрүшү;
7) пайдалуу кендердин запастарынын саны көбөйгөндө - Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан эсепке алынган пайдалуу кендердин көбөйгөн запастарынын саны.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
303-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111569/st-303" title="303-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>