1-берене
Күчүн жоготкон · 03.12.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 декабря 2021 года № 147.
"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 435-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 4-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Аудиторлор өзүнүн кесиптик ишин жүргүзүп жаткан учурда, илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштен тышкары, мамлекеттик кызматта турууга жана бөлөк акы төлөнүүчү иште иштөөгө укугу жок. Аудиторлор банктардын, финансылык-кредиттик мекемелердин жана коомдордун Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү да боло алышат. Мында аудитор:
- эгерде ал акыркы беш жылдын ичинде ушул банкта аудитордук текшерүү жүргүзгөн болсо, банктын Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү боло албайт;
- ал Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү болуп саналса же мурда Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү болсо, аны жумуштан бошоткон же ээлеген кызмат ордунан ыктыярдуу түрдө кеткен учурдан тартып беш жыл ичинде ушул банкта аудитордук текшерүү жүргүзө албайт;
- эгерде кандай болбосун башка банкта Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү болуп саналса, башка атаандаш банктарда аудитордук текшерүү жүргүзө албайт.".
Берененин тексти 03.12.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Аудитордук иш жөнүндөЗакон · 03.12.2021 · № 147
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111542/st-1" title="1-берене - Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>