1-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 992-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 149-беренеде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Ушул бөлүктө каралган мөөнөттөрдү узартуу жана токтотуп туруу күндөрүн кошуп алганда, даттанууну кароо мөөнөтү даттанууну берген күндөн кийинки күндөн тартып 90 күндөн ашпоого тийиш.";
б) 3-бөлүгүндө "1-бөлүгүндө" деген сөздөр "1 жана 2-бөлүктөрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 346-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 355-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Патент удаалаш өтүүчү календардык күндөрдүн кандай болбосун санына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте, сатып алынышы мүмкүн. Патентти 90 календардык күнгө сатып алууда салыктын суммасы 5 пайызга, 180 календардык күнгө - 10 пайызга төмөндөйт.".
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111535/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>