3-берене
Күчүндө · 03.03.2023 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 557-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 20-берененин 1-бөлүгүнүн 19-1-пунктунда "өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берген учурда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда," деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 22-беренеде:
а) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Шайлоо жана референдум өткөрүү мезгилине аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө шайлоо жана референдумду өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө сый акы төлөнөт.";
б) 6-бөлүктө "мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн отуз эсе өлчөмүндө" жана "мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн жыйырма беш эсе өлчөмүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111534/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>