91-берене. Башка документтер
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 10-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 6 апреля 2021 года № 48
91-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 91-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Эгерде аларда баяндалган маалыматтар ушул Кодекстин 83-беренесинде көрсөтүлгөн жагдайларды белгилөө үчүн мааниси бар болсо, башка документтер далилдер деп табылат.
2. Документтер жазуу жүзүндө же башка түрдө белгиленген маалыматтарды камтышы мүмкүн. Документтерге фото-, үн- жана видеожазуу материалдары, ушул Кодексте каралган тартипте алынган, суратып алынган, берилген жана иш боюнча далилдер деп табылган электрондук документтер таандык болушу мүмкүн.
Жазык ишине тиркөө үчүн мамлекеттик жана ведомстволук архивдерден документтердин түп нускаларын алууга тыюу салынат. Мындай учурларда ишке тиркөө үчүн мамлекеттик жана ведомстволук архивдер тарабынан архивдик документтердин түп нускаларынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет.
3. Электрондук документ мааниси боюнча жазуу жүзүндөгү далил деп таанылат жана "Электрондук документ жана электрондук санариптик колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кагаз жүзүндө көчүрмөлөнгөн документтей эле бирдей юридикалык күчкө ээ болот.
Электрондук документтин түп нускасы машиналык алып жүрүүдө гана болот. Электрондук санариптик колтамга коюлган, машиналык алып жүрүүдө белгиленген жана бири-бирине төп келген электрондук документтин бардык нускалары түп нускалар болуп саналат жана бирдей юридикалык күчкө ээ болот. Электрондук документтин көчүрмөлөрү кагаз жүзүндө электрондук документтин тышкы көрүнүшүнүн түрүн калыбына келтирүү жолу менен түзүлөт. Кагаз жүзүндө калыбына келтирилген электрондук документтер тиешелүү электрондук документтин көчүрмөлөрү болуп санала тургандыгын айкындаган көрсөтмөнү камтууга жана кагаз жүзүндөгү документтердин көчүрмөлөрүн ырастоо үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте ырасталууга тийиш.
4. Документтер ишке тиркелет жана мыйзамда белгиленген мөөнөттүн ичинде сакталат. Эгерде алып коюлган жана ишке тиркелген документтер учурдагы эсепке алуу, отчеттуулук жана башка укуктук максаттар үчүн талап кылынса, алар мыйзамдуу ээсине кайтарылып берилиши же иш боюнча өндүрүшкө зыян келтирбестен, убактылуу пайдаланууга берилиши же болбосо алардын көчүрмөлөрү берилиши мүмкүн.
5. Ушул Кодекстин 88-беренесинде көрсөтүлгөн белгилерге ээ болгон документтер буюм далилдери болуп саналат.
(КР 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
91-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-91" title="91-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>