54-берене. Жактоочунун ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Юридикалык жардам көрсөтүү менен адвокат сот өндүрүшүнө тараптардын тең укуктуулук жана атаандаштык негиздеринде жактоочу катарында катышат.
2. Ишке катышкан учурдан тартып жактоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) иш боюнча шектүүнүн, айыпталуучунун, күбөнүн пайдасына күбөлөөчү материалдарды жеке өзү же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке детективди пайдалануу аркылуу чогултууга жана сотко чейинки өндүрүштө жана сотто көрсөтүүгө;
2) күбөлөрдүн жазуу жүзүндөгү арыздарын жана түшүнүктөрүн алууга, кароонун жеке протоколдорун түзүүгө;
3) тергөө судьясынын алдында далилдерди депонирлөө жөнүндө өтүнмө берүүгө;
4) ушул Кодекстин 175-беренесинде көрсөтүлгөн тартипте экспертти чакыруу менен экспертизаны дайындоо жөнүндө, ошондой эле демилгеси боюнча эксперт тартылып жаткан тараптын эсебинен келишимдик негизде экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнмө менен тергөө судьясына кайрылууга;
5) адамды кармоодо жана шектенүү жөнүндө кабарландырууда катышып турууга;
6) корголуучуну (шектүүнү, айыпталуучуну, күбөнү) суракка алууга, ошондой эле анын катышуусу менен же анын өтүнүчү боюнча жүргүзүлүүчү башка тергөө амалдарына катышууга;
7) шектүү, айыпталуучу менен санына жана узактыгына чек коюлбаган жана тыңшап угуу мүмкүнчүлүгү жок шарттарда жекеме-жеке жолугушууга;
8) кармоо жөнүндө токтому, бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө токтом, шектүүнүн, айыпталуучунун же жактоочунун өзүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын протоколдору, шектүүгө, айыпталуучуга берилген же болбосо берилүүгө тийиш болгон документтер менен таанышууга, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн алууга;
9) сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кийин иштин бардык материалдары менен таанышууга жана алардын көчүрмөлөрүн алууга;
10) өтүнмө билдирүүгө;
11) сотко катышууга;
12) четтетүүлөрдү билдирүүгө;
13) соттун, прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамынын аракеттерине (аракетсиздигине) жана чечимдерине даттанууга жана аларды кароого катышууга;
14) сот алдында мажбурлап алып келүү жөнүндө өтүнүч берүүгө;
15) далилдерди талап кылууга;
16) коргоонун мыйзамга каршы келбеген башка бардык каражаттарын жана ыкмаларын пайдаланууга.
3. Тергөө амалдарын жүргүзүүгө катышып жаткан жактоочу тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын уруксаты менен суракка алынып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө укуктуу. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы жактоочунун суроолорун четке кага алат, бирок четке кагылган суроолорду протоколго киргизүүгө милдеттүү. Жактоочу тергөө амалдарынын протоколунда андагы жазуулардын тууралыгы жана толуктугу боюнча өзүнүн жазуу жүзүндөгү сын-пикирлерин киргизүүгө укуктуу.
4. Жактоочу коммерциялык жана башка мыйзам менен корголгон сырларды түзгөн маалыматтарды ачыкка жарыялабоо жөнүндө мыйзам актыларында белгиленген тартипти сактоо менен, жактоону жүзөгө ашыруу, жабырлануучунун кызыкчылыктарын жактоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды төмөнкү жолдор менен алууга укуктуу:
1) юридикалык жактардан маалымдамаларды, мүнөздөмөлөрдү, башка документтерди суратып алууга.
Маалымдамалар, мүнөздөмөлөр жана башка документтер мамлекеттик органдардан, коомдук бирикмелерден, ошондой эле башка юридикалык жактардан жактоочу, жабырлануучунун өкүлү тарабынан суратып алынышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн юридикалык жактар жактоочуга, жабырлануучунун өкүлүнө алар сураган документтерди же алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн 10 сутканын ичинде берүүгө милдеттүү. Камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө маселени кароодо суратылган маалымдамалар, мүнөздөмөлөр жана башка документтер жактоочуга 2 сутканын ичинде берилиши керек;
2) келишимдик негизде сот экспертизасын жүргүзүүнү демилгелөөгө;
3) эксперттик мекемеге тиешелүү экспертизаны келишимдик негизде жүргүзүү жөнүндө суроо-талап жиберүүгө;
4) адисти келишимдик негизде тартууга;
5) алардын макулдугу менен жазык ишине же жоруктар жөнүндө ишке тиешеси бар маалыматтарга болжолдуу ээ болгон адамдарды сурамжылоого, анын ичинде илимий-техникалык каражаттарды пайдалануу менен сурамжылоого.
5. Жактоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө;
2) корголуучунун (шектүүнүн, айыпталуучунун, күбөнүн) макулдугусуз жазык сот өндүрүшүнө катышуусуна байланыштуу ага белгилүү болуп калган жана мыйзам менен корголуучу адвокаттык же башка сырларды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;
3) адвокаттын кесиптик жүрүм-турум эрежелерин сактоого.
6. Жактоочунун өзү коргоп жаткан адамдын кызыкчылыгына каршы кандайдыр-бир аракеттерди жасоого укугу жок.
7. Жактоочу жыйнаган далилдер анын өтүнмөсү боюнча ишке тиркелүүгө Милдеттүү. Бул материалдар ушул Кодекстин талаптарына ылайык сот, тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы тарабынан изилденүүгө, баа берилүүгө тийиш.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
54-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…угуу мүмкүнчүлүгү жок шарттарда жекеме-жеке жолугушууга;
8) кармоо алынып салынды: протоколу, кошулду: жөнүндө токтому, бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө токтом, шектүүнүн, … берүүгө милдеттүү.
Камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасын алынып салынды: санкциялоо кошулду: колдонуу жөнүндө маселени кароодо суратылган маалымдамалар, мүнөздөмөлөр жана … органынын кызмат адамы тарабынан изилденүүгө, баа берилүүгө тийиш.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
- 50-берене. Жактоочунун ыйгарым укуктары
- 195-берене
- 468-берене
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-54" title="54-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>