Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
50-берене. Жактоочу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Жактоочу - жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча шектүүнүн, айыпталуучунун, күбөнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын жактоону жүзөгө ашыруучу жана аларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адам. Сотко чейинки өндүрүштө жана сотто жактоочу катары адвокат катышат.
2. Жактоочу шектүүнү иш жүзүндө кармаган же шектүүгө кылмыш жана (же) жорук жасаганына шектелгени жөнүндө билдирген учурдан тартып, ал эми күбөнү - биринчи суракка алган учурдан тартып ишке катышат. Адвокат ким экенин ырастаган документин жана ордерин көрсөткөндөн кийин ал жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө катышууга укуктуу.
3. Эгерде алардын биринин кызыкчылыгы экинчисинин кызыкчылыктарына карама-каршы келсе, бир эле адам эки шектүүнүн, айыпталуучунун, күбөнүн жактоочусу боло албайт.
4. Адвокат алгачкы текшерүү же тергөө органына, прокуратурага же сотко чакырылган бардык адамдын укуктарын жана кызыкчылыктарын жактоону жүзөгө ашырууга укугу бар, мында адвокат ушул Кодекстин 54-беренесинде каралган ыйгарым укуктарга ээ.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…катары адвокат катышат.
2. Жактоочу шектүүнү иш жүзүндө кармаган же алынып салынды: шектүүгө, айыпталуучуга кошулду: шектүүгө кылмыш жана (же) жорук жасаганына шектелгени жөнүндө билдирген … адвокат ушул Кодекстин 54-беренесинде каралган ыйгарым укуктарга ээ.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-50" title="50-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>