535-берене. Кабыл алынган соттолгон адамдарга карата жазаны аткарууну уюштуруу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 65-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Соттолгон адамды жазаны Кыргыз Республикасында өтөө үчүн кабыл алуу жөнүндө суроо-талап канааттандырылгандан кийин жана ушундай өткөрүп берүүгө чет мамлекеттин компетенттүү органынын макулдугу алынгандан кийин Башкы прокуратура бул адамды өткөрүп берүүнүн ордун, убагын жана тартибин макулдашуу жөнүндө жана бул адамды Кыргыз Республикасынын жазыктык-аткаруу системасына өткөрүп берүүнү уюштуруу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырма берет.
2. Кабыл алынган соттолгон адамдарга карата жазаны Кыргыз Республикасында аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Кабыл алынган соттолгон адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде каралган тартипте шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу, мунапыс колдонулушу мүмкүн же кечирим берүү, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын токтотуу же өзгөртүү жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
2016-жылдын 22-декабрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
535-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-535" title="535-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>