Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
534-берене. Чет мамлекеттин сотунун өкүмүн аткарууга байланышкан маселелерди соттун чечүүсүнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 65-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Башкы прокурордун сунуштамасын Жогорку сот соттолгон адамдын катышуусуз эле, ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө, өкүмдү аткаруу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн сот отурумунда карайт.
2. Чет мамлекеттин сотунун өкүмүн аткаруу жөнүндө Жогорку соттун токтомунда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) чет мамлекеттин сотунун аталышы, өкүм чыгаруу убактысы жана орду;
2) соттолгон адамдын Кыргыз Республикасындагы акыркы жашаган жери, анын соттолгонго чейинки иштеген жери жана ишинин түрү жөнүндө маалыматтар;
3) жаран жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган кылмыштын Квалификациясы жана ал кайсы жазыктык мыйзамдын негизинде соттолгондугу;
4) соттолгон адам жасаган кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган Кыргыз Республикасынын жазыктык мыйзамы;
5) соттолгон адам Кыргыз Республикасында өтөөгө тийиш болгон жазанын (негизги жана кошумча) түрү жана мөөнөтү, жаза башталган жана аяктаган мөөнөт, колониянын түрү, доо боюнча залалдын ордун толтуруунун тартиби.
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча бул кылмыш үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтүнүн чеги өкүм боюнча дайындалган мөөнөттөн аз болсо, Жогорку сот бул жорукту жасагандыгы үчүн эркинен ажыратуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган максималдуу мөөнөтүн аныктайт. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча жаза катары эркинен ажыратуу каралбаса, Жогорку сот бул кылмыш үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектердеги жана чет мамлекеттин сотунун дайындаган өкүмүнө кыйла ылайык келген жазаны аныктайт.
Эгерде чет мамлекеттин сотунун өкүмү бардыгы Кыргыз Республикасында кылмыш болуп саналбаган эки же бир нече жоруктарга тиешелүү болсо, анда сот чет мамлекеттин сотунун өкүмү боюнча дайындалган жазанын кайсы бөлүгү кылмыш болуп саналган жоруктарга карата колдонула тургандыгын аныктайт.
4. Жогорку соттун токтому ал чыгарылган учурдан тартып күчүнө кирет жана аткарууну камсыз кылуу үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.
5. Чет мамлекеттин сотунун өкүмү жокко чыгарылган же болбосо чет мамлекетте чыгарылган мунапыс же кечирим берүү актысы колдонулган учурда, Кыргыз Республикасында жаза өтөп жаткан адамга карата кайра каралган өкүмдү аткаруунун, ошондой эле мунапысты же кечирим берүүнү колдонуунун маселелери ушул берененин эрежелери боюнча чечилет.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-534" title="534-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>