Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
524-берене. Өткөрүп берүүдөн баш тартуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 64-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Өткөрүп берүүгө төмөнкүдөй учурларда жол берилбейт:
1) эгерде өткөрүп берүү жөнүндө чет мамлекеттин суроо-талабы келип түшкөн адам Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналса;
2) эгерде тиешелүү мамлекетте расасынын, дин тутуусунун, жарандыгынын, улутунун, айрым социалдык топко таандыктыгынын белгиси боюнча же саясий ынанымдары боюнча куугунтукталуу мүмкүндүгүнө байланыштуу бул адамга Кыргыз Республикасында башкалка берилген болсо;
3) эгерде өткөрүп берүү жөнүндө талапка негиз болгон жосун Кыргыз Республикасында кылмыш деп таанылбаса;
4) эгерде ошол эле кылмыш үчүн бул адамга карата мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм бар болсо же иш боюнча өндүрүш кыскартылган болсо;
5) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча мөөнөтү эскиргендигинен улам же башка мыйзамдуу негиз боюнча жазыктык ишти баштоого мүмкүн болбосо же өкүмдү аткарууга мүмкүн болбосо;
6) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык бул адамды өткөрүп берүү үчүн тоскоолдуктар бар экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын сотунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар болсо;
7) эгерде суроо-талап кылып жаткан мамлекетте бул адамга карата кыйноолор колдонулушу мүмкүн деп эсептөөгө негиздер бар болсо.
2. Адамды өткөрүп берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн:
1) эгерде өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты жөнөтүүгө негиз болгон жосун Кыргыз Республикасынын аймагында же Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы анын аймагынан тышкары жерде жасалган болсо;
2) эгерде ошол эле жосун үчүн өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүлгөн адамга Кыргыз Республикасында жазыктык куугунтуктоо жүргүзүлсө;
3) эгерде өткөрүп берилүүчү адам санкциясы өлүм жазасы түрүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн жазыктык жоопкерчиликке тартылып жатса;
4) эгерде адамдын качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүчү каралууда болсо, качкын статусу жөнүндө биротоло чечим кабыл алынганга чейин;
5) эгерде чет мамлекеттин компетенттүү органы Башкы прокуратуранын талабы боюнча, өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап боюнча чечим кабыл алууга аларсыз мүмкүн болбогон кошумча материалдарды же маалыматтарды бербесе;
6) эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде каралган башка негиздер бар болсо.
3. Эгерде адамды өткөрүп берүү жүргүзүлбөй турган болсо, Башкы прокуратура бул жөнүндө баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен тиешелүү чет мамлекеттин компетенттүү органдарына билдирет.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
- 522-берене. Өткөрүп берүүдөн баш тартуу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-524" title="524-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>