Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
523-берене. Адамды өткөрүп берүү жөнүндө чечимди сот тартибинде даттануу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 64-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Башкы прокурордун же анын орун басарларынын өткөрүп берүү жөнүндө чечими өзүнө карата бул чечим кабыл алынган адам тарабынан ал турган жер боюнча же анын жактоочусу тарабынан билдирүү алынган учурдан тартып 10 сутканын ичинде сотто даттанылышы мүмкүн.
2. Эгерде өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган адам камакта болсо, камакта кармоочу жайдын администрациясы сотко даректелген даттанууну алаары менен тез арада аны тиешелүү сотко жөнөтөт жана бул жөнүндө прокурорго билдирет.
3. Прокурор адамды өткөрүп берүү жөнүндө чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн ырастаган материалдарды 10 сутканын ичинде сотко жөнөтөт.
4. Адамды өткөрүп берүү жөнүндө чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү даттануу сотко келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде ачык соттук отурумда судья тарабынан жекече, прокурордун, өзүнө карата өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган адамдын жана, эгерде анын жактоочусу жазык ишине катышса, анын катышуусу менен жүргүзүлөт.
5. Отурумдун башталышында төрагалык кылуучу кайсы даттануу каралууга тийиш экенин жарыялайт, катышып жаткандарга алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин түшүндүрөт. Андан соң арыз ээси жана (же) анын жактоочусу даттанууну негиздейт, андан кийин сөз прокурорго берилет.
6. Соттук кароонун жүрүшүндө сот даттанууну келтирген адамдын күнөөлүүлүгү боюнча маселесин талкуулабастан, бул аламды өткөрүп берүү жөнүндө чечимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине шайкештигин текшерүү менен чектелет.
7. Териштирүүнүн натыйжасында судья төмөнкүдөй токтомдордун бирин чыгарат:
1) адамды өткөрүп берүү жөнүндө чечимди мыйзамсыз же негизсиз деп табуу же аны жокко чыгаруу жөнүндө;
2) даттанууну канааттандырбастан калтыруу жөнүндө.
8. Адамды өткөрүп берүү жөнүндө чечим жокко чыгарылган учурда судья даттанууну берген адамга карата тандалган бөгөт коюу чарасын да жокко чыгарат.
9. Даттанууну канааттандыруу же андан баш тартуу жөнүндө судьянын токтому ал чыгарылган күндөн тартып 10 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-523" title="523-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>