504-берене. Жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жалпы жоболору
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 61-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 июня 2020 года № 57
1. Жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, бардык тергөө аракеттерин, ошондой эле ушул Кодекстин 213- беренесинде каралган атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө укуктуу.
2. Жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштө жорук жасагандыгы боюнча шектелип жаткан адамга карата камакка алуу, үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чараларын колдонууга жол берилбейт.
Жорук жасады деп шектелген адамдан алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жана соттун чакыруусу боюнча келүү жана аларга жашаган жеринин өзгөрүүсү жөнүндө билдирүү тууралуу тилкат алынат. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына же сот отурумуна келбеген учурда адам алынып келиши мүмкүн.
3. Өзгөчө учурларда ушул Кодекстин 98-беренесинде көрсөтүлгөн негиздер болгондо жорук жасады деп шектелген адамга карата кармоо колдонулушу мүмкүн.
31. Үй-бүлөлүк зомбулук жасоого шектүү адам төмөнкүдөй негиздер болгондо кармалышы мүмкүн:
1) эгерде жабырлануучунун жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн же аларга теңдештирилген адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна шектүү адам тарабынан реалдуу коркунуч болсо;
2) эгерде шектүү адам мас болуунун алкоголдук же башка түрлөрүнүн абалында болсо жана жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрү же аларга теңдештирилген адамдар үчүн коркунуч келтирсе;
3) эгерде шектүү адам жабырлануучуну жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн же аларга теңдештирилген адамдарды кордоону, коркунуч келтирүүнү, уруп-сабоону, шылдыңдоону, басмырлоону улантат деп болжолдоого мүмкүндүк берүүчү негиздер болсо.
4. Жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш жорукту жасады деген шектенүү тууралуу адамга билдирилген учурдан тартып жыйырма күндөн кечиктирилбестен аяктоого тийиш.
(КР 2020-жылдын 4-июнундагы № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
504-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 4 июня 2020 года № 57 "О внесении изменения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
04.06.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жорук жасады деп шектелген адамга карата кармоо колдонулушу мүмкүн. кошулду: 31. Үй-бүлөлүк зомбулук жасоого шектүү адам төмөнкүдөй негиздер болгондо кармалышы мүмкүн: 1) эгерде жабырлануучунун жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн же аларга теңдештирилген адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна шектүү адам тарабынан реалдуу коркунуч болсо; 2) эгерде шектүү адам мас болуунун алкоголдук же башка түрлөрүнүн абалында болсо жана жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрү же аларга теңдештирилген адамдар үчүн коркунуч келтирсе; 3) эгерде шектүү адам жабырлануучуну жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн же аларга теңдештирилген адамдарды кордоону, коркунуч келтирүүнү, уруп-сабоону, шылдыңдоону, басмырлоону улантат деп болжолдоого мүмкүндүк берүүчү негиздер болсо. 4. Жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш жорукту жасады … учурдан тартып жыйырма күндөн кечиктирилбестен аяктоого тийиш. кошулду: (КР 2020-жылдын 4-июнундагы № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-504" title="504-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>