Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-10-28.
КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 4-июну № 57 Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2020-жылдын 30-апрелинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
504-берене төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын: "31. Үй-бүлөлүк зомбулук жасоого шектүү адам төмөнкүдөй негиздер болгондо кармалышы мүмкүн:
1) эгерде жабырлануучунун жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн же аларга теңдештирилген адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна шектүү адам тарабынан реалдуу коркунуч болсо;
2) эгерде шектүү адам мас болуунун алкоголдук же башка түрлөрүнүн абалында болсо жана жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрү же аларга теңдештирилген адамдар үчүн коркунуч келтирсе;
3) эгерде шектүү адам жабырлануучуну жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн же аларга теңдештирилген адамдарды кордоону, коркунуч келтирүүнү, уруп-сабоону, шылдыңдоону, басмырлоону улантат деп болжолдоого мүмкүндүк берүүчү негиздер болсо.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 5-июнундагы № 43(3115) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон