500-берене. Жарашуу жөнүндө макулдашуунун мазмуну
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 60-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Жабырлануучу, анын өкүлү, шектелүүчү, айыпталуучу, анын жактоочусу билдирген жарашуу жөнүндө өтүнмөнүн негизинде жарашуу жөнүндө макулдашуу түзүлөт, анда төмөндөгүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) анын түзүлгөн датасы жана орду;
2) макулдашуу түзгөн тараптардын жана, эгерде жарашууга катышса, медиатордун фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы;
3) кылмыш жана (же) жорук менен келтирилген залалдын өлчөмү, шектелүүчү же айыпталуучу жабырлануучунун пайдасына жасоочу аракеттердин тизмеги, залалдын ордун толтуруунун же аракеттерди жасоонун мөөнөттөрү.
2. Жарашуу жөнүндө макулдашууга жабырлануучу же анын өкүлү, шектелүүчү, айыпталуучу, анын жактоочусу, эгерде жарашуу жол-жобосуна катышса, медиатор кол коёт.
3. Макулдашуунун көчүрмөлөрү макулдашууга кол койгон тараптарга тапшырылат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
500-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-500" title="500-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>