499-берене. Жарашуу тартиби
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 60-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Жарашуу жөнүндө өтүнмөнү жабырлануучу, шектелүүчү же айыпталуучу билдире алат. Жарашууну жабырлануучу, шектелүүчү же айыпталуучунун өздөрү тарабынан же болбосо медиатордун жардамы менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Жабырлануучунун жана шектелүүчүнүн, айыпталуучунун ортосундагы жарашуу ушул Кодекстин 23-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган иштер боюнча жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштө жетишилиши мүмкүн.
3. Жарашуу сотко чейинки өндүрүш башталган учурдан тартып соттук акты мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жетишилиши мүмкүн.
4. Жарашуу жөнүндө өтүнмө боюнча макулдукка жетишпеген учурда аны билдирүү фактысы айыптоодон баш тартуу же өзүнүн күнөөсүн мойнуна алуу катары каралышы мүмкүн эмес.
5. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, сот жабырлануучуга жана шектелүүчүгө, айыпталуучуга алардын жарашууга укугу жөнүндө түшүндүрүүгө, аны ишке ашыруу механизмин түшүндүрүп берүүгө жана жарашуу жөнүндө макулдашууну түзүүгө тоскоолдук кылбоого милдеттүү.
6. Эгерде иш бир же бир нече кылмыш жана (же) жорук жасады деп шектелип же айыпталып жаткан бир нече адамга карата жүргүзүлүп жатса жана жарашуу жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча макулдукка шектелүүчүлөрдүн же айыпталуучулардын бардыгы менен бирдей жетишилбесе, мындай макулдашуу бир (бир нече) шектелүүчү же айыпталуучу менен түзүлүшү мүмкүн. Жарашуу жөнүндө макулдашууга жетишилген адамга (адамдарга) карата иш кыскартылууга жатат.
7. Эгерде иш боюнча бир кылмыштан жана (же) жоруктан бир нече жабырлануучу катышса, жарашуу жөнүндө макулдашуу бардык жабырлануучулар менен гана түзүлүүгө жана бекитилүүгө тийиш.
8. Эгерде иш боюнча ар кандай кылмыштардан жана (же) жоруктардан бир нече жабырлануучу катышса жана жарашуу жөнүндө макулдашуу түзүү боюнча макулдашуу жабырлануучулардын бардыгы менен жетишилбей турган болсо, мындай макулдашуу бир (бир нече) жабырлануучу менен түзүлүшү мүмкүн. Жарашуу жөнүндө макулдашуу жетишилген адамга (адамдарга) карата иш кыскартылууга жатат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
499-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-499" title="499-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>