483-берене. Юридикалык жакка карата жазыктык-укуктук таасир кылуу чараларын колдонуу боюнча сотко чейинки өндүрүштө далилденүүгө жатуучу жагдайлар
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 57-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Юридикалык жакка карата жазыктык-укуктук таасир кылуу чараларын колдонуу боюнча сотко чейинки өндүрүштө төмөндөгүлөр аныкталат:
1) юридикалык жак аркылуу кылмыштуу аракет жасоонун жагдайлары;
2) юридикалык жактын түзүмүндөгү жеке жактын статусу;
3) шектелүүчү адамдын юридикалык жактын кызыкчылыгындагы укукка каршы аракетинин мүнөзү жана анын натыйжалары;
4) юридикалык жак аркылуу келтирилген залалдын өлчөмү жана мүнөзү;
5) шектелүүчү адам юридикалык жактын кызыкчылыгында жасаган укукка каршы аракеттин натыйжасында ушул юридикалык жак алган мыйзамсыз кирешенин өлчөмү.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
483-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-483" title="483-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>