482-берене. Юридикалык жакка карата жазыктык-укуктук таасир кылуу чараларын колдонуу боюнча сотко чейинки өндүрүш
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 57-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Эгерде сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө шектелүүчү жекече же тийиштүү юридикалык жактын коллегиялык түзүмүнүн мүчөсү катары аракеттенип, юридикалык жакты билдирүү, анын тапшырмасы боюнча аракет жасоо же болбосо юридикалык жактын атынан чечим кабыл алуу же юридикалык жактын алкагында контролду жүзөгө ашыруу укугуна негизденип же болбосо юридикалык жактын кызматында туруп, ушул эле юридикалык жактын кызыкчылыгында кылмыштуу аракетти жасагандыгы айкындалса, тергөөчү юридикалык жакка карата жазыктык-укуктук таасир кылуу чараларын колдонуу боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштоо жөнүндө жүйөлөнгөн токтом чыгарат.
2. Юридикалык жакка карата жазыктык-укуктук таасир этүү чараларын колдонуу боюнча процесс ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шектелүүчүгө карата жүзөгө ашырылуучу сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлөт.
3. Юридикалык жакка карата жазыктык-укуктук таасир кылуу чараларын колдонуу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн башталгандыгы жөнүндө тергөөчү тийиштүү юридикалык жакка, токтомдун көчүрмөсүн жиберүү жолу менен билдирет, ошондой эле бул юридикалык жактын өкүлүнө анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.
Юридикалык жакка карата сотко чейинки өндүрүштү баштоо жөнүндө токтомдун көчүрмөсү ал чыгарылган күндөн тартып бир сутканын ичинде ушул жакка жиберилет.
4. Шектелүүчү адамга карата иш кыскартылган же шектелүүчүнү издөөгө байланыштуу иш токтотулуп коюлган учурда, юридикалык жакка карата жазыктык-укуктук таасир этүү чараларын колдонуу боюнча өндүрүш бүткөрүлүшү жана маңызы боюнча кароо үчүн сотко жиберилиши керек.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
482-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-482" title="482-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>