467-берене. Сотко чейинки өндүрүштө жана сотто мыйзамдуу өкүлдүн катышуусу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 55-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу иш боюнча өндүрүш жүргүзүлгөн адамдын мыйзамдуу өкүл деп анын тууганы, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн токтому же соттун токтому (аныктамасы) боюнча ишке катышууга тартылган тиешелүү медициналык мекеменин кызматкери таанылат.
2. Мыйзамдуу өкүл төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ал өкүлдүк кылган адам Жазык кодекте же Жоруктар жөнүндө кодексте каралган мыйзамга каршы кайсы аракетти жасагандыгын билүүгө;
2) өтүнмө жана четтөөнү билдирүү;
3) далилдерди берүү;
4) анын өтүнмө каты же жактоочунун өтүнмө каты боюнча өткөрүлгөн тергөө иш-аракеттерине катышууга;
5) ал катышкан тергөө иш-аракеттеринин протоколдору менен таанышууга жана андагы аткарылган жазуулардын тууралыгы жана толуктугу тууралуу жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө;
6) сотко чейинки өндүрүш аяктаганга чейин иштин бардык материалдары менен таанышууга, андан керектүү маалыматтарды көчүрүп жазууга;
7) медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу үчүн ишти кыскартуу же ишти сотко жиберүү жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн алууга;
8) соттук териштирүүгө катышууга;
9) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун иш-аракеттерине жана чечимине даттанууну берүүгө;
10) соттун токтомуна, аныктамасына даттанууга жана даттанылган чечимдердин көчүрмөсүн алууга;
11) иш боюнча берилген даттануулар, сунуштамалар тууралуу билүүгө жана аларга каршылык берүүгө;
12) берилген даттанууларды, сунуштамаларды сотто карап чыгууга катышууга.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
467-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-467" title="467-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>