466-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иш жүргүзүлүп жаткан адамдын укуктары
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 55-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө иш жүргүзүлүп жаткан адам, эгерде соттук-психиатриялык экспертизанын корутундусу боюнча анын оорусунун мүнөзү жана оордугунун даражасы тоскоолдук кылбаса, төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ал кайсы жорукту жасады деп шектелип жатканын билүүгө;
2) көрсөтмөлөрдү берүүгө;
3) далилдерди берүүгө;
4) өтүнмөлөрдү жана баш тартууларды билдирүүгө;
5) эне тилинде же өзү билген тилде түшүнүк берүүгө;
6) котормочунун кызматтарын пайдаланууга;
7) иш жүзүндө кармалган учурдан тартып жактоочу алууга жана аны менен жеке жолугушууга;
8) анын өтүнмө же анын жактоочусунун өтүнмө боюнча өткөрүлгөн тергөө иш-аракеттерине катышууга;
9) бул иш-аракеттердин протоколдору менен таанышууга жана алар боюнча сын-пикирлерди берүүгө;
10) экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом жана эксперттин корутундусу менен таанышууга;
11) иштин бардык материалдары менен таанышууга жана зарыл маалыматтарды көчүрүп алууга;
12) далилдерди депонирлөө жөнүндө тергөө судьясына өтүнмө кылууга;
13) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун аракеттерин жана чечимдерин даттанууга;
14) медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу үчүн сотко ишти жиберүү тууралуу токтомдун көчүрмөсүн алууга.
2. Ишти соттук териштирүүдө ал ошондой эле төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тараптардын далилдерин жана жарыш сөздөрүн изилдөөгө катышууга;
2) сот отурумунун протоколу менен таанышууга жана ал боюнча сын-пикир берүүгө;
3) соттун токтомуна, аныктамасына даттанууга жана даттанылган чечимдердин көчүрмөсүн алууга;
4) иш боюнча келтирилген даттануулар жана сунуштамалар тууралуу билүүгө жана аларга каршы пикир берүүгө;
5) билдирилген даттанууларды жана сунуштамаларды сотто карап чыгууга катышууга.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
466-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-466" title="466-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>