459-берене. Жашы жете элек айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлүнүн соттук териштирүүдө катышуусу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 54-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Жашы жете элек айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлдөрү сот отурумуна чакырылышы керек. Алар далилдерди изилдөөдө катышууга, түшүндүрмөлөрдү берүүгө, өтүнмөлөрдү жана баш тартууларды билдирүүгө, соттун аракеттерин жана чечимдерин даттанууга, сот отурумуна катышууга укуктуу. Көрсөтүлгөн укуктар аларга соттук териштирүүнүн башталышында түшүндүрүлүшү керек. Жашы жете электин мыйзамдуу өкүлдөрү ишти соттук териштирүүнүн бүткүл жүрүмүндө сот отурумунун залында катышат. Алардын макулдугу менен алар сотто күбө катары суралышы мүмкүн.
2. Эгерде жашы жете электин мыйзамдуу өкүлүнүн аракеттери жашы жете электин кызыкчылыктарына залал келтирет же ишти соттук териштирүүгө тоскоолдук кылууга багытталган деп эсептөөгө негиздер бар болсо, ал соттун жүйөлөнгөн токтому менен соттук териштирүүгө катышуудан четтетилиши мүмкүн. Бул учурда жашы жете элек айыпталуучунун башка мыйзамдуу өкүлдүн катышуусуна жол берилет.
3. Эгерде жашы жете элек айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлү ишке жактоочу же материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруп берүүгө жооптуу жак катары катышса, ал процесстин көрсөтүлгөн катышуучуларынын укуктарына ээ болот жана милдеттерин көтөрөт.
4. Эгерде биринчи инстанциядагы сотто апелляциялык, кассациялык тартиптерде ишти кароо башталганга чейин айыпталуучу (соттолгон, акталган) 18 жашка чыкса, сот мыйзамдуу өкүлдүн функцияларын токтотуу жөнүндө токтом кылат (аныктайт).
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
459-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-459" title="459-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>