Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
377-берене. Сот арачыларынын кеңешмесинин купуалуулугу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 45-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Төрагалык кылуучунун багыттоочу сөзүнөн кийин сот арачылары вердикт кабыл алуу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетишет.
2. Сот арачыларынан тышкары кеңешүү бөлмөсүндө башка адамдардын болушуна жол берилбейт.
3. Кеңешүү бөлмөсүндө байланыш каражаттарынын болушуна жана пайдаланылышына тыюу салынат.
4. Сот арачылары вердиктти талкуулоодо жана кабыл алууда айтылган пикирлерди ачыкка чыгарууга укуксуз.
5. Сот арачыларынын сот отурумунда жүргүзгөн жазып алуулары кеңешүү бөлмөсүндө сот арачыларынын алдына коюлган суроолорго жоопторду даярдоо үчүн пайдаланышы мүмкүн.
6. Түнкү убакыттын кириши, ошондой эле жумуш убактысы аяктаган соң төрагалык кылуучунун уруксаты менен сот арачылары кеңешмени эс алуу үчүн токтотууга укуктуу. Эс алуу мезгилинде сот арачыларына ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жазууларды кеңешүү бөлмөсүнөн алып чыгууга тыюу салынат.
7. Кеңешүү бөлмөсү сот приставы тарабынан анда сот арачылары турган бардык мезгилде күзөткө алынат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-377" title="377-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>