376-берене. Төрагалык кылуучунун багыттоочу сөзү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 45-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Сот арачыларынын коллегиясы вердикт кабыл алуу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыгаардын алдында төрагалык кылуучу сот арачыларына багыттоочу сөзү менен кайрылат.
2. Багыттоочу сөз сүйлөгөн төрагалык кылуучуга сот арачыларынын коллегиясынын алдына коюлган маселелер боюнча өз пикирин кандайдыр бир формада билдирүүгө тыюу салынат.
3. Төрагалык кылуучу багыттоочу сөзүндө:
1) айыптоонун мазмунун баяндайт;
2) айыпталуучу айыпталып жаткан жорук жасагандыгы үчүн жоопкерчилик караган жазык мыйзамынын мазмунун билдирет;
3) өзүнүн ал далилдерге катышын билдирбестен жана алар боюнча тыянак чыгарбастан, айыпталуучунун айыбын ачкан, ошондой эле аны актаган далилдердин сотто изилденгендиги жөнүндө эске салат;
4) мамлекеттик айыптоочунун жана жактоочунун позицияларын баяндайт;
5) сот арачыларына далилдерге жалпысынан баа берүүнүн негизги эрежелерин; күнөөсүздүк презумпция принцибинин маңызын; айыпталуучунун пайдасына четтетилбеген шек саноолорду чечмелөө жөнүндө жобону; алардын вердикти сот отурумунда түздөн-түз изилденген далилдерге гана негизделиши мүмкүн экендиги жөнүндө, алар үчүн эч кандай далилдер мурдатан аныкталган күчкө ээ эмес экендигин, алардын тыянактары божомолдорго, ошондой эле сот тарабынан жол берилгис деп таанылган далилдерге негизделбей тургандыгын түшүндүрөт;
6) сот арачыларынын коллегиясынын көңүлүн айыпталуучунун сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартышы же анын үн катпай коюшу юридикалык күчкө ээ эмес экендигине жана айыпталуучунун күнөөлүү экендигинин далили катары чечмелениши мүмкүн эмес экендигине бурат;
7) сот арачыларынын кеңешмесинин, коюлган суроолорго жоопторду даярдоонун, жооптор боюнча добуш берүүнүн жана вердикт кабыл алуунун тартиптерин түшүндүрөт;
8) сот арачыларына алар берген анттын мазмуну жөнүндө эскертет.
4. Сот арачылары төрагалык кылуучунун багыттоочу сөзүн угуу жана алардын алдына коюлган суроолор менен таанышуу менен бирге, андан кошумча түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуу. Багыттоочу сөздүн көчүрмөсү тараптарга жана сот арачыларына жарыя кылынгандан кийин дароо тапшырылат.
5. Тараптар сот отурумунда төрагалык кылуучунун багыттоочу сөзүнүн мазмунуна байланыштуу, ал объективдүүлүк принцибин бузгандыгынын жүйөөсү боюнча билдирүүгө укуктуу, алар сот отурумунун протоколуна киргизилүүгө тийиш.
6. Багыттоочу сөздү түзүү үчүн төрагалык кылуучу сот отурумунда тыныгуу жарыялоого укуктуу.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
376-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-376" title="376-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>