368-берене. Сот арачыларынын ант бериши
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 45-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Төрагалык кылуучу сот арачыларына ант берүү сунушу менен кайрылат жана төмөнкүдөй мазмундагы текстти окуп берет: "Сот арачысынын милдеттерин аткарууга киришип жатып өз милдеттеримди адилет, ак ниет жана кынтыксыз аткарууга, сотто каралган айыпталуучуну каралаган, ошондой эле аны актаган бардык далилдерди, жүйөлөрдү, иштин жагдайларын көңүлгө алууга, ишти күнөөлүүнү актабастан жана күнөөсүздү айыптабастан, өзүмдүн ички ынанымдарым жана абийирим боюнча чечүүгө ант беремин".
2. Ант жарыя кылынгандан кийин төрагалык кылуучу сот арачыларынын, анын ичинде запастагылардын фамилияларын да атайт, алардын ар бири: "Ант беремин" деп жооп берет.
3. Сот арачыларынын ант бергендиги жөнүндө сот отурумунун протоколуна жазуу жазылат.
4. Ант берилгенден кийин төрагалык кылуучу сот арачыларына ушул Кодекстин 32-беренесинде каралган алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүп берет жана соттук териштирүүгө киришет.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
368-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-368" title="368-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>