367-берене. Сот арачыларынын улугу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 45-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Сот арачыларынын коллегиясын түзүү аяктагандан кийин, төрагалык кылуучу негизги курамдагы сот арачыларына улукту шайлоо үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыгууну сунуш кылат. Улук негизги курамдан сот арачыларынын ичинен көпчүлүк добуш менен ачык добуш берүү аркылуу шайланат.
2. Сот арачылары сот отурумунун залына кайтып келгенден кийин, улук төрагалык кылуучуга жана тараптарга ал сот арачыларынын чечими менен шайлангандыгын билдирет.
3. Сот арачыларынын улугу сот арачыларынын кеңешмесинин жүрүшүнө жетекчилик кылат, алардын тапшыруусу боюнча төрагалык кылуучуга суроо жана өтүнүч менен кайрылат, сот берген суроолорду жарыя кылат, аларга жоопторду жазып алат, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат, вердиктти жол-жоболоштурат жана төрагалык кылуучунун көрсөтмөсү боюнча аны сот отурумунда жарыя кылат.
4. Сот арачыларынын улугу шайлангандан кийин, төрагалык кылуучу сот арачыларынын коллегиясын сот арачыларынын отургучунан аларга бөлүнгөн орунду ээлөөнү сунуш кылат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
367-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-367" title="367-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>