360-берене. Сот арачылыгына талапкерлердин алдын ала курамын түзүү тартиби
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 45-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Сот арачыларынын катышуусу менен угууга жазык ишин дайындоо жөнүндө токтом чыгарылган күнү соттун администратору төрагалык кылуучунун тескемеси боюнча капилет тандоо жолу менен мамлекеттик айыптоочунун жана айыпталуучунун жактоочусунун катышуусунда элүүдөн кем эмес сандагы сот арачылыгына талапкерлердин алдын ала курамын түзөт.
2. Жазык ишин кароодо катышуу үчүн сот арачылыгына талапкерлерди капилет тандоо бүткөн соң, аты-жөнүн, атасынын атын көрсөтүү менен сот арачылыгына талапкерлердин алдын ала курамынын тизмеси түзүлөт, ага соттун администратору жана тараптардын колу коюлат. Сот арачылыгына талапкерлердин аты-жөнү капилет тандоо жүргүзүлгөн тартипте тизмеге киргизилет.
Сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамы маалыматтык автоматташтырылган системанын жардамы менен сот арачылыгына талапкерлердин ар кылдагы биротоло тизмесинен түзүлөт.
3. Сот арачыларынын коллегиясын түзүү башталганга чейин сот отурумуна келген сот арачылыгына отуз беш талапкер жетиштүү.
4. Сот арачылыгына талапкерлердин алдын ала курамына киргизилген сот арачылыгына талапкерлерге сот отуруму башталганга чейин 7 суткадан кем эмес мөөнөттө сот арачыларынын коллегиясын түзүү үчүн эскертмелер, ошондой эле сот отурумуна келүү убактысы көрсөтүлгөн билдирмелер тапшырылат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
360-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 3-мартындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты…Постановление · 03.03.2018 · № 44
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 14-июнундагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты…Постановление · 14.06.2018 · № 118
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч.Текебаевдин ыйгарым…Постановление · 01.11.2017 · № 529
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-360" title="360-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>