35-берене. Тергөөчүнүн ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Тергөөчү төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:
1) ушул Кодекстин талаптарына ылайык тергөө амалдарын жүргүзүүгө;
2) жабырлануучуга материалдык залалдын жана моралдык зыяндын ордун толтурууга карата чараларды көрүүгө;
3) болгондор жана ага тиешеси бар адамдар жөнүндө маалыматтарды камтыган документтерди, материалдарды суратып алууга;
4) текшерүүлөрдү, инвентаризацияны, экспертизаларды, башка текшерүүчү иш-аракеттерди жүргүзүүнү талап кылууга;
5) сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу ыкчам-издөө аракеттерин жүргүзүү жана алгачкы текшерүү органынан кылмыштын бетин ачуу, жоголгон адамдарды жана буюмдарды табуу боюнча көрүлүүчү чаралар жөнүндө маалыматтарды алгачкы текшерүү органынан алууга;
6) жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу алгачкы текшерүү органына ал үчүн милдеттүү болгон издөө, тергөө жана атайын тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө тапшырмаларды берүүгө;
7) алгачкы текшерүү органына кармоо, алып келүү жөнүндө чечимдерди аткарууну тапшырууга, ошондой эле өзүнүн талабы боюнча алгачкы текшерүү органынан тергөө, атайын тергөө жана башка процесстик иш-аракеттерди жүргүзүүдө көмөк алууга;
8) алгачкы текшерүү органына күбөлөргө, жабырлануучуларга жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларына карата коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууну тапшырууга;
9) тиешелүү мамлекеттик жана башка органдардан адистердин жана эксперттердин жардам көрсөтүүлөрүн талап кылууга;
10) зарыл болгон учурда иш боюнча өндүрүшкө катышуу үчүн котормочуну тартууга;
11) адамга карата кылмыш жана (же) жорук жасаганына негиздүү шектенүү болгондо, аны кармоого;
12) жазык иши боюнча өндүрүшкө жактоочунун катышуусун камсыз кылууга, ал эми мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам алууга укугу бар адамдарга карата жактоочунун дайындалышын талап кылууга;
13) кылмыш жана (же) терс жорук жасады деп шектенүү жөнүндө кабарлоого;
14) жабырлануучу деп таанууга;
15) Жазык кодексинде каралган жазыктык-укуктук таасир этүү чараларын көрүү үчүн юридикалык жакты тартууга жана анын өкүлүнүн жазык иши боюнча өндүрүшкө катышуусуна жол берүүгө;
16) котормочуга, адиске, экспертке карата четтетүүнү чечүүгө;
17) жазык иши боюнча өндүрүшкө байланыштуу өтүнүчтү чечүүгө;
18) компетенциясынын чектеринде даттанууларды чечүүгө;
19) бөгөт коюу чараларын тандоо, өзгөртүү, жокко чыгаруу тууралуу жана жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуунун башка чараларын колдонуу жөнүндө өтүнүчтөрдү берүүгө;
20) жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү кабыл алуу, токтотуп туруу, кайра жаңылоо, кыскартуу жөнүндө токтом чыгарууга;
21) прокурордун жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн жана тапшырмаларын аткарууга;
22) шектүүнү жана жабырлануучуну медиатор менен маалыматтык жолугушууга жиберүүгө;
23) ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
2. Тергөөчү прокурордун жазык иши боюнча чечими менен макул болбогон учурда өзүнүн каршы пикирин жазуу жүзүндө баяндоо менен жогору турган прокурорго кайрылууга укуктуу. Бул учурда жогору турган прокурор өзүнүн токтому менен төмөн турган прокурордун чечимин жокко чыгарууга же тергөө өндүрүшүн башка тергөөчүгө тапшырууга укуктуу.
3. Тергөөчүнүн жазык иши боюнча токтомун уюмдардын жетекчилери аткарууга милдеттүү. Тергөөчүнүн токтомун аткарбай коюу мыйзамга ылайык жоопкерчиликке алып келет.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
35-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…маалыматтарды алгачкы текшерүү органынан алууга;
6) жазык иши боюнча кошулду: сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу алгачкы текшерүү органына ал үчүн милдеттүү болгон кошулду: издөө, тергөө жана атайын тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө тапшырмаларды … өтүнүчтөрдү берүүгө;
20) жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү алынып салынды: токтото кошулду: кабыл алуу, токтотуп туруу, кайра жаңылоо, кыскартуу жөнүндө токтом чыгарууга;
21) прокурордун жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн жана тапшырмаларын аткарууга;
22) алынып салынды: шектүүнү, айыпталуучуну кошулду: шектүүнү жана жабырлануучуну медиатор менен маалыматтык жолугушууга … токтомун аткарбай коюу мыйзамга ылайык жоопкерчиликке алып келет.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-35" title="35-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>