291-берене. Соттук териштирүүнү кийинкиге калтыруу жана жазык ишин токтотуп туруу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 40-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Сот отурумуна чакырылган адамдардын кимдир бирөөсүнүн келбей калуусунун кесепетинен же тараптардын өтүнүчү боюнча жаңы далилдерди талап кылуунун зарылдыгына байланыштуу, ишти териштирүү мүмкүн болбогондо, судья өзүнүн токтому менен, сот өзүнүн аныктамасы менен ишти териштирүүнү кийинкиге калтырат. Бир эле мезгилде тараптарды талап кылынган далилдерди берүүгө, ал эми соттук приставдарды келбеген адамдардын келүүсүн камсыз кылуу чараларын көрүүгө милдеттендирет.
2. Мажбурлап алып келүү колдонулгандан кийин айыпталуучу келбей калган учурда сот жазык иши боюнча өндүрүштү токтотуп турат, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонот, өзгөртөт жана токтомду айыпталуучунун келүүсүн камсыз кылуу үчүн прокурорго жиберет.
3. Айыпталуучу ооруп калган жана бул анын сот отурумуна келүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган учурда, сот айыпталуучуга карата ал сакайып кеткенге чейин өндүрүштү токтотуп турат жана калган айыпталуучуларга карата ишти териштирүүнү улантат. Эгерде ишти өз-өзүнчө териштирүү мүмкүн болбосо, иш бүтүндөй токтотуп турууга жатат.
4. Ишке бир нече айыпталуучу тартылган жана алардын бири качып кеткен учурда, сот ал айыпталуучуга карата материалдарды өзүнчө өндүрүшкө бөлөт жана калган айыпталуучуларга карата териштирүүнү улантат.
5. Колдонууга жатуучу мыйзамдын конституциялуулугу жөнүндө маселе боюнча Жогорку соттун Конституциялык палатасына суроо-талап менен кайрылганда сот Жогорку соттун Конституциялык палатасы чечим кабыл алганга чейин иш боюнча өндүрүштү токтотуп турат.
6. Экспертиза дайындоодо сот экспертизанын корутундусу сотко келип түшкөнгө чейин иш боюнча өндүрүштү токтотуп турат.
7. Соттук териштирүү кайра жандандырылгандан кийин, сот ал кийинкиге калтырылган учурдан тартып угууну улантат.
8. Ушул Кодекстин 286-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер болгондо, тараптардын өтүнүчү боюнча соттук териштирүү айыпталуучу жок кезде да жүргүзүлөт. Айыпталуучу жок кезинде соттук териштирүүнү жүргүзүү жөнүндө сот токтом же аныктама чыгарат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
291-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-291" title="291-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>