Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
274-берене. Соттук териштирүүнүн мөөнөтү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 38-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Судья ишти соттук териштирүүгө дайындоо жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартып 14 суткадан кечиктирбестен, ал эми сот арачыларынын катышуусу менен сотто каралуучу жазык иштери боюнча - 30 суткадан кечиктирбестен ишти кароону баштоого тийиш.
2. Анча оор эмес кылмыштар жөнүндө жазык иши судья тарабынан маңызы боюнча бир айдан кечиктирилбестен, ал эми оор же өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө иш - 2 айлык мөөнөттө, ал эми сот арачыларынын катышуусу менен сотто каралуучу жазык иштери боюнча иш - сотто кароо башталган күндөн тартып 3 айлык мөөнөттө чечилүүгө тийиш.
Жорук жөнүндө иш аны сотто кароо башталган күндөн тартып 15 күндөн кеч эмес мөөнөттө судья тарабынан маңызы боюнча каралууга тийиш.
3. Соттук териштирүүнү белгиленген мөөнөттө аяктоо мүмкүн болбогон учурда, ал ушул Кодекстин 293-беренесинин 3, 4, 5-бөлүктөрүндө каралган тартипте узартылууга тийиш.
4. Иште жаңы мамлекеттик айыптоочу же коргоочу алмаштырылган жана (же) киргизилген учурларда соттук териштирүүнүн жүрүшүндө билдирилген өтүнүчтөр боюнча иштин материалдары менен таанышууга тараптарга берилген убакыт, ошондой эле соттук териштирүү ушул Кодекстин 291-беренесинин 3, 5, 6-бөлүктөрүнүн негизинде токтотуп турулган убакыт соттук териштирүүнүн мөөнөтүнө киргизилбейт.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 16-декабрындагы (Нурбек Акбарович Токтакуновдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик…Сот практикасы · Решение · 16.12.2020 · № 10-р
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-274" title="274-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>