280-берене. Соттук териштирүүнүн тикелейлиги жана оозекилиги
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 40-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Соттук териштирүүдө иштин бардык далилдери тикелей иликтенүүгө жатат. Сот айыпталуучунун, жабырлануучунун, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, эксперттин корутундусун угат, буюмдук далилдерди карап чыгат, протоколдорду жана башка документтерди жарыя кылат, далилдерди иликтөө боюнча башка соттук аракеттерди жүргүзөт.
2. Соттун өкүмү сот отурумунда иликтөөгө алынган же далилдерди депонирлөөнүн жыйынтыгында алынган ошол далилдерге гана негизделиши мүмкүн.
3. Айыпталуучу, күбө жана жабырлануучу видео конференция-байланыштын тутумун пайдалануу жолу менен сот тарабынан суракка алынышы мүмкүн.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
280-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-280" title="280-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>