279-берене. Алдын ала угууда судья тарабынан кабыл алынуучу чечимдердин түрлөрү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 39-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Алдын ала угуунун жыйынтыктары боюнча судья төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу жөнүндө;
2) иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө;
3) сот отурумун дайындоо жөнүндө.
Судьянын чечими жүйөлөнгөн токтом түрүндө чыгарылат.
2. Далилдерди алып салуу жөнүндө, бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө, судьяны четтетүү жөнүндө билдирилген өтүнүчтөр боюнча судья жүйөлөнгөн токтом чыгарат.
3. Ишти сотко караштуулугу боюнча жөнөтүү, иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу же аны токтотуу (толук же жарым-жартылай), далилдерди алып салуу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруу же канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө судьянын токтому 3 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
4. Алдын ала угуунун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган башка чечимдер даттанылбайт.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
279-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-279" title="279-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>