Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
189-берене. Суракка чакыруунун тартиби
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 25-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Күбө, жабырлануучу, ошондой эле эркиндикте жүргөн шектүү же айыпталуучу суракка чакыруу кагазы аркылуу чакырылат. Анда ким жана кандай сапатта, кимге жана кайсыл дарекке чакырылып жаткандыгы; суракка келүүнүн убактысы (күнү, сааты), адвокатты чакыруу укугу, ошондой эле жүйөлүү себепсиз келбей коюунун кесепеттери көрсөтүлүүгө тийиш.
2. Чакыруу кагазы чакырылып жаткан адамга кол койдуруу аркылуу берилет. Чакырылып жаткан адам жок болсо, чакыруу кагазы ага берүү үчүн, анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бирине кол койдуруп алуу менен тапшырылат.
Адам суракка уюлдук, электр жана почта байланышынын башка каражаттарын пайдалануу менен чакырылышы мүмкүн. Уюлдук жана электр байланыш каражаттары аркылуу чакырылган адамдын суракка келбей коюусу алдырып келүү үчүн негиз болбойт.
3. Суракка чакырылуучу адам дайындалган мөөнөттө келүүгө, же келбей калган себептери жөнүндө тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына алдын ала билдирүүгө милдеттүү. Суракка чакырылган адам жүйөсүз себептер боюнча келбей калган учурда, мажбурлап алып келиниши мүмкүн.
4. Камакта кармалган адамдар камакта кармоочу жайдын администрациясы аркылуу суракка чакырылат.
5. Жашы жетпеген адамды күбө же жабырлануучу катары чакыруу анын ата-энеси же башка мыйзамдуу өкүлдөрү аркылуу жүргүзүлөт.
6. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары көрсөтмө берүү үчүн аскер бөлүгүнүн командачылыгы аркылуу чакырылат. Калган аскер кызматчыларына карата суракка чакыруунун адаттагы тартиби колдонулат.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жашы жеткен мүчөлөрүнүн бирине кол койдуруп алуу менен тапшырылат. кошулду: Адам суракка уюлдук, электр жана почта байланышынын башка каражаттарын пайдалануу менен чакырылышы мүмкүн. Уюлдук жана электр байланыш каражаттары аркылуу чакырылган адамдын суракка келбей коюусу алдырып келүү үчүн негиз болбойт. 3. Суракка чакырылуучу адам дайындалган мөөнөттө келүүгө, же келбей … карата суракка чакыруунун адаттагы тартиби колдонулат. кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-189" title="189-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>