188-берене. Шектүүгө, айыпталуучуга, жабырлануучуга жана күбөгө экспертизанын корутундусун берүү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 24-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Сотко чейинки өндүрүш бүткөнгө чейин корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө эксперттин корутундусу же анын кабарламасы экспертизанын тыянактары боюнча өз түшүндүрмөлөрүн жана каршы пикирлерин берүүгө укуктуу болгон шектүүгө, жабырлануучуга, ошондой эле экспертизага алынган күбөгө берилет. Андай өтүнүчтү канааттандыруу же баш тартуу болгон учурда тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тиешелүү токтом чыгарат, өтүнүч берген адамга кол койдуруп билдирилет.
2. Эксперттин корутундусу менен таанышкандыгы жөнүндө протокол түзүлөт, анда жасалган билдирүүлөр жана каршы пикирлер чагылдырылат.
3. Ушул берененин эрежелери адамды шектелүүчү же жабырлануучу деп тааныганга чейин экспертиза жүргүзүлгөн учурларда да колдонулат.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
188-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-188" title="188-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>