115-берене. Үй камагы
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 13-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Үй камагы шектүүгө, айыпкерге ары-бери жүрүү эркиндигин чектөө менен байланышкан камак болуп саналат, аларга белгилүү бир адамдар менен сүйлөшүүгө, кат-кабар алууга жана жөнөтүүгө; турак жайынан сутка бою же сутканын белгилүү бир мезгилинде чыгып кетүүгө; соттун уруксатысыз администрациялык аймактын чегинен чыгууга, маалыматтык-телекоммуникациялык байланышты пайдаланууга тыюу салынат.
2. Үй камагы шектүүгө, айыпкерге карата тергөө судьясынын, судьянын токтому, соттун аныктамасы боюнча ушул Кодекстин 107, 108-беренелеринде белгиленген негиздер болгондо жана тартипте бөгөт коюу чарасы катары колдонулат.
3. Үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө тергөө судьясынын, судьянын токтомунда, соттун аныктамасында бул бөгөт коюу чарасын аткаруунун шарттары (шектүү, айыпкер боло турган жер, үй камагынын мөөнөтү жана (же) шектүүгө, айыпкерге карата белгиленген тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр) көрсөтүлүп, ошондой эле белгиленген чектөөлөрдүн аткарылышы үчүн контролду жүзөгө ашыруу жүктөлгөн орган жана кызмат адамы көрсөтүлөт.
Контролду жүзөгө ашыруу максатында контролдун аудиокөрмө, электрондук жана башка техникалык каражаттары Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте пайдаланылышы мүмкүн.
4. Шектүү, айыпкер үй камагынын шарттарын бузган учурда, ага карата камакка алуу түрүндөгү жаза чарасы колдонулуп, ал жөнүндө тергөө судьясынын токтомунда же бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө соттун аныктамасында көрсөтүлөт.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
115-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тыюу салынат.
2. Үй камагы шектүүгө, айыпкерге карата тергөө алынып салынды: судьясынын кошулду: судьясынын, судьянын токтому, соттун аныктамасы боюнча ушул Кодекстин 107, … Үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө тергөө алынып салынды: судьясынын токтомунда кошулду: судьясынын, судьянын токтомунда, соттун аныктамасында бул бөгөт коюу чарасын аткаруунун шарттары (шектүү, айыпкер боло … контролдун аудиокөрмө, электрондук жана башка техникалык каражаттары алынып салынды: мыйзамда кошулду: Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте пайдаланылышы мүмкүн.
4. Шектүү, айыпкер үй … бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө соттун аныктамасында көрсөтүлөт.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-115" title="115-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>