Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
114-берене. Күрөө
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 13-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Күрөө - шектүү, айыпталуучу, же болбосо башка адам тарабынан шектүүнүн, айыпталуучунун ушул Кодекстин 107-беренесинде саналып өткөн аракеттерди жасабагандыгынын кепилдиги катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине киргизилүүчү акчалай суммасы.
2. Күрөөнүн өлчөмү келтирилген зыяндын өлчөмүнөн, кылмыштын оордугунун даражасынан жана шектүүнүн, айыпталуучунун ким экендигинен кошулуучу суммадан аныкталат.
3. Тергөө судьясы, судья прокурордун камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө өтүнүчүн канааттандырууда, тараптардын өтүнүчү боюнча күрөөнүн конкреттүү суммасын аныктоого милдеттүү, бул тууралуу камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө токтомдо көрсөтөт.
Тергөө судьясы, судья камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө токтомдо сот тарабынан аныкталган күрөөнүн суммасы атайын банк эсебине салынган учурда, шектүүнүн, айыпталуучунун жана анын коргоочусунун өтүнүчү боюнча сот отурумунда камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын күрөөгө өзгөртүү тууралуу маселени чечет. Тергөө судьясы, судья күрөөнүн суммасын токтоосуз төлөөгө даяр болгон учурда, күрөө түрүндө бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө токтомду ошол эле сот отурумунда чыгарат.
4. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинде, 136-беренесинин 3-бөлүгүндө, 138-беренесинин 3-бөлүгүндө, 143, 161, 162, 164-беренелеринде, 166-беренесинин 2-бөлүгүндө, 168-беренесинде, 170-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүндө, 171-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүндө, 172-беренесинин 3-бөлүгүндө, 173-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүндө, 175-беренесинин 2-бөлүгүндө, 180-беренесинин 3-бөлүгүндө, 182-беренесинде, 202-беренесинин 3-бөлүгүндө, 239, 240, 241-беренелеринде, 242-беренесинин 2-бөлүгүндө, 244, 248, 249, 250-беренелеринде, 253-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүндө, 254-беренесинин 4-бөлүгүндө, 257-беренесинин 2-бөлүгүндө, 263-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүндө, 264-беренесинде, 267-беренесинде, 271-беренесинин 2-бөлүгүндө, 277-беренесинин 2-бөлүгүндө, 307-309, 311, 313-беренелеринде, 314-беренесинин 2-бөлүгүндө, 315-беренесинин 2-бөлүгүндө, 318, 319, 380-388, 389-395-беренелеринде каралган кылмыштар боюнча күрөө белгиленбейт.
Иликтенип жаткан жазык иши боюнча шектүү, айыпталуучу мурда колдонулган бөгөт коюу чарасын бузган учурларда күрөө белгиленбейт.
5. Тергөө судьясынын, судьянын күрөө түрүндө бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө токтому чыгарылат, анын көчүрмөсү бөгөт коюу чарасы колдонулган адамга тапшырылат. Мында күрөө киргизүүчү шектүү, айыпталуучу же болбосо башка адам ага ушул бөгөт коюу чарасы белгиленген иштин маңызы тууралуу жана күрөөнү мамлекеттин кирешесине айландыруунун негиздери тууралуу кабардар болууга тийиш, бул жөнүндө протоколдо көрсөтүлөт.
6. Эгерде шектүү, айыпталуучу төмөнкүдөй бузуулардын бирине жол берсе, киргизилген күрөө мамлекеттин кирешесине айландырылат:
1) сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдан, соттон жашырынса;
2) тергөөнү калыс жүргүзүүгө жана ишти сотто териштирүүгө тоскоолдук кылууга багытталган аракеттерди жасаса.
7. Ушул берененин 6-бөлүгүндө саналып өткөн бузуулар жөнүндө бузуулардын жагдайларын жана бузуулар болгондугун ырастоочу иш жүзүндөгү маалыматтар баяндалган протокол түзүлөт. Протоколго күрөө киргизүүчү шектүү, айыпталуучу, же болбосо башка адам кол коёт. Ишти сот карап жатканда айыпталуучу көрсөтүлгөн бузууларды жасаган учурда, бузуунун жагдайлары соттук отурумдун протоколунда баяндалат.
8. Күрөөнү кайтарып берүү же аны мамлекеттин кирешесине айландыруу маселеси сот тарабынан жазык иши боюнча токтом, аныктама, өкүм чыгарууда чечилет. Жазык иши сотко чейинки өндүрүштө кыскартылган учурда, күрөө аны киргизген адамга тергөөчү тарабынан кайтарылып берилет.
9. Эгерде бул айыпталуучунун талаптагыдай эмес жүрүм-турумуна байланышпаса, күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасы камакка алууга өзгөртүлгөн учурда, күрөө аны киргизген адамга кайтарылып берилет.
10. Күрөө даттануу мөөнөтү аяктагандан кийинки 5 сутканын ичинде аны киргизген адамга кайтарылып берилет.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-114" title="114-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>