Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
392-берене. Эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин кылмыштуу бузуулар
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 53-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Куралдуу жаңжал мезгилинде эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин бузуу:
1) чектен тышкары бүлгүнгө учуратууну же болбосо азап-кайгы алып келүүчү же ылгабай турган аракеттерге ээ деп эсептелиши мүмкүн болгон согуш жүргүзүүнүн каражаттарын жана усулдарын колдонуу;
2) жаратылыш чөйрөсүнө кеңири, узак убакытка жана олуттуу зыян келтирүү;
3) коргонуу максатында кызыл кресттин, кызыл жарым айдын жана кызыл кристаллдын айырмалоочу эмблемалары бар персоналга, курулмаларга, жабдууларга жана транспорт каражаттарына кол салуу;
4) кызыл кресттин, кызыл жарым айдын жана кызыл кристаллдын айырмалоочу эмблемаларын кыянаттык менен колдонуу;
5) жарандык калкка ачкачылыкты согуш аракеттерин жүргүзүүнүн усулу катары колдонуу;
6) курагы он сегиз жашка жетелектерди куралдуу күчтөргө азгырып тартуу (азгыруу), же болбосо аларга согуш аракеттерине катышууга уруксат берүү;
7) курагы он сегиз жашка жетелектерди мамлекеттин куралдуу күчтөрүнөн айырмаланган куралдуу топторго азгырып тартуу (азгыруу) же аларды ушул куралдуу топтордун курамында согуш аракеттеринде колдонуу;
8) согуш зарылдыгы болбосо деле чоң масштабдагы мүлктү каалагандай талкалоо же өзүмдүк кылып алуу;
9) корголбогон жерлерди жана демилитаризация кылынган чөлкөмдөрдү кол салуу объекттерине айлантуу;
10) коргоодо турган элдин маданий же руханий мурасы болуп саналган ачык таанымал тарыхый эстеликтерди, искусство чыгармаларын же жөрөлгө жасоо жерлерин кол салуу объектке айлантуу, же болбосо аларды жок кылуу же уурдоо, ошого тете согуш зарылдыгы жок болсо, бул баалуулуктарга карата вандализм актыларын жасоо -
11) күчөтүлгөн коргоодо турган маданий баалуулуктарды, же болбосо аларга жакын жаткан жерлерди согуштук аракеттерди колдоо үчүн пайдалануу - буга согуш зарылдыгы жок болсо, ошого тете бул баалуулуктарды же аларга жакын жаткан жерлерди кол салуу объекттерине айлантуу;
12) согуш талаасында калган жарадарларды жана каза болгондорду ташып чыгуу, алмашуу же ташуу максатында түзүлгөн жарашуу, согуш аракеттерин токтотуп туруу же жериндеги макулдашууларды бузуу;
13) жарандык калкка же айрым жарандык адамдарга кол салуу;
14) мындай кол салуу жарандык адамдардын арасында көп жоготууларга алып келерин же жарандык объекттерге орчундуу зыян келтирерин билип туруп тандабаган мүнөздө, жарандык калкка же жарандык объекттерге таасири этүүчү кол салууну жасоо;
15) мындай кол салуу жарандык адамдардын арасында көп жоготууларга алып келерин же жарандык объекттерге орчундуу зыян келтирерин билип туруп коркунучтуу күчтөрдү камтыган түзүлүштөргө же курулмаларга кол салуу;
16) күнөөлүүнүн билип туруп согуш аракеттерине тикелей катышуусун токтоткон адамга кол салуу;
17) өздүк жарандык калктын бөлүгүн басып алынган аймакка орун котортуу же депортация кылуу, басып алынган аймактын чегинде, же болбосо анын чегинен тышкары жерге бардык калкты же анын бөлүгүн орун котортуу;
18) аскер туткундарын жана жарандык адамдарды репатриация кылууну негизсиз кармап туруу;
19) эл аралык келишимдерде тыюу салынган согуш жүргүзүүнүн башка каражаттарын жана усулдарын куралдуу жаңжалда колдонуу, -
VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-392" title="392-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>