365-берене. Начальникке карата зомбулук аракеттери
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 50-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Начальникке карата анын аскер кызматы боюнча милдеттерин аткаруусуна байланыштуу же аларды аткарып жаткан мезгилде, ошого тете өзүнө жүктөлгөн аскер кызматы боюнча милдеттерин аткарып жаткан башка адамга карата ага каршылык көрсөтүү же ушул милдеттерди бузууга мажбурлоо максатында өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу, -
II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Ошол эле жосундар:
1) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган;
2) курал колдонуу менен же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирүүген зомбулукту колдоном деп коркутуу менен жасалган;
3) этиятсыздыктан оор зыян келтирген, -
III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ошого тете согуш же өзгөчө абалдарда жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, -
IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
365-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-365" title="365-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>