Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
364-берене. Буйрукту аткарбоо
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 50-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Кызматтык кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтирген баш ийүүдөгү адамдын начальниктин буйругун ачыктан-ачык аткарбоосу, ошого тете аны аткаруудан качуу, -
I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ошол эле жосундар, -
II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Согуш мезгилинде же согуштук жагдайда, ошого тете согуштук шарттарда же өзгөчө абалда жасалган ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, -
IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Баш ийген адам кылмыштуу экендигин билип туруп буйрукту же тескемени аткаруудан баш тарткан учурларга ушул берене жайылтылбайт. Ушул Кодекстин 50 жана 51-главаларында каралган, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскерлеринде жана аскердик кошуундарында; мыйзамда аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында; ошого тете аскер кызматын чакыруу боюнча же контракт боюнча өтөп жаткан аскер кызматчылары тарабынан, ошого тете запаста турган жарандар тарабынан аскер жыйымдарын өтөгөн мезгилинде жасалган кылмыштар баш ийүү жана аскердик ар-намысты сактоо тартибине же аскердик мүлктү сактоого жана пайдаланууга каршы кылмыштар деп таанылат. Ушул эскертүүнүн экинчи абзацында эскертилбеген адамдар кошо катышкандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-364" title="364-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>