Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
223-берене. Экономикалык контрабанда
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 31-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Контрабанда, башкача айтканда бажы контролунан тышкары же андан жашыруу менен, же болбосо документтерди же бажы идентификациясынын каражаттарын алдап колдонуу менен жасалган, же болбосо декларациялабоо же туура эмес декларациялоо менен коштолгон Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды же башка предметтерди ири өлчөмдө өткөрүү, -
IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жана I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) өзгөчө ири өлчөмдө;
2) (утратил силу в соответствии с Законом КР от 10 марта 2021 года № 29)
3) бажы контролун жүргүзгөн адамга карата өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен;
4) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан, -
VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу жана II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде каралган жосундар, эгерде өткөрүлгөн товарлардын наркы кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн элүү миң эсе ашса - ири өлчөмдө, ал эми эсептик көрсөткүчтөн жүз миң эсе ашса - өзгөчө ири өлчөмдө жасалган деп таанылат. Эгерде адам айыптарды жана туумдарды кошуп, контрабанданын предмети болуп саналган товарларды жана башка предметтерди бажылык жол-жоболоштуруу аркылуу тийиштүү бажы төлөмдөрүн өз ыктыяры менен эки эсе өлчөмүндө төлөп берсе, ал ушул беренеде каралган жосундарды жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулат. Ушул беренеде каралган жосундар кайталанып жасалган учурда, жазык жоопкерчилигинен жана жазадан бошотуу колдонулбайт. (КР 2020-жылдын 31-декабрындагы № 13, 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 декабря 2020 года № 13 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам экономической амнистии"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 10.03.2021 · № 29
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-223" title="223-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>