Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
222-берене. Баалуу кагаздар рыногундагы инсайдердик бүтүмдөр
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 31-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Баалуу кагаздар рыногунда инсайдердик бүтүмдөр, башкача айтканда төмөндөгү жосундардын бирин атайылап жасоо:
1) инсайдер же анын аффилирленген жагы тарабынан инсайдердик маалыматтарды пайдалануу менен баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу;
2) инсайдердик маалыматтарды үчүнчү жактарга мыйзамсыз берүү (жайылтуу) же инсайдердик маалыматтарга же ага негизделген маалыматтарга үчүнчү жактардын жеткиликтүүлүккө мыйзамсыз берүү, ошого тете инсайдердик маалыматтарга негизденген баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо жөнүндө сунуштамаларды үчүнчү жактарга берүү, эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жосундар пайда көздөө же башка жеке кызыкчылыкта же эмитенттин макулдугусуз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен үчүнчү жактардын кызыкчылыгында жасалса, же болбосо эгерде баалуу кагаздар менен бүтүм жасоо учурунда маалыматтар жашыруун мүнөзгө ээ экенин жак билсе,
V категориядагы айып салууга, же болбосо I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:
1) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу же уюшкан топ тарабынан жасалган;
2) өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгон, -
VI категориядагы айып салууга, же болбосо II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-222" title="222-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>