Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
203-берене. Опузалап талап кылуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 30-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Шантаж кылуу же жабырлануучунун, же анын жакындарынын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу менен опузалап талап кылуу, башкача айтканда бөтөн мүлктү, мүлккө болгон укукту өткөрүп берүүнү же мүлктүк мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо, -
IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен;
2) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) ири өлчөмдөгү мүлктү алуу максатында, -
VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:
1) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген;
2) өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү алуу максатында жасалган, -
III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-203" title="203-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>