202-берене. Каракчылык
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 30-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу менен, же болбосо мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен жасалган каракчылык, башкача айтканда бөтөн мүлктү ээлеп калуу максатында кол салуу, -
II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:
1) ири өлчөмдөгү мүлктү ээлеп калуу максатында;
2) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан, -
III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, төмөнкүдөй жасалса:
1) өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү ээлеп калуу максатында;
2) турак жайга кирүү менен;
3) куралды же курал катары колдонулуучу предметтерди колдонуу менен;
4) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирсе, -
IV категориядагы айып салуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
202-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-202" title="202-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>