199-берене. Автордук, аралаш укуктарды жана патент ээлеринин укуктарын бузуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 29-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Эгерде бул жосундар ири зыян келтирүү же ири өлчөмдө пайда алуу максатында келтирилген болсо, автордук укукту, аралаш укуктардын, ЭВМ программалардын, маалыматтар базасынын объекттерин мыйзамсыз пайдалануу, ошого тете, сатып алуу, сактоо, ташып чыгаруу жасатууга ЭВМ, маалыматтар базалар үчүн программалардын, чыгармалардын, фонограммалардын контрафактык нускаларын даярдоо, ошондой эле ошондой эле ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди же өнөр жай үлгүлөрүн мыйзамсыз пайдалануу, автордун же арыз берүүчүнүн макулдашылбастан ойлоп табуунун маңызын маалыматтарды расмий жарыялаганга чейин пайдалуу моделдерди же өнөр жай үлгүлөрүн ачыкка чыгарууга чейин, булар тууралуу маалыматтарды таратып жиберүү, -
V категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу же уюшкан кылмыш тобу тарабынан, же өзгөчө ири залал келтирүү менен же өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу максатында жасалган жосун, -
VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде каралган жосун, эгерде чыгармалардын же (жана) фонограммалардын нускаларынын наркы же болбосо автордук укуктун жана аралаш укуктун объекттерин пайдаланууга укуктардын наркы эсептик көрсөткүчтөрдөн беш жүз эсеге ашса, ал эми кылмыш жасалган күнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эсептик көрсөткүчтөрдөн миң эсеге ашса, өзгөчө ири өлчөмдө жасалды деп таанылат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
199-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-апрели № 85-б "Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы милдеттенмелерин аткаруунун алкагында даярдалган 2013-2019-жылдардагы соода…Распоряжение · 05.04.2021 · № 85-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-февралындагы № 112 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик…Постановление · 25.02.2020 · № 112
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-199" title="199-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>