Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
99-берене. Жашаган жайынан чыгаруу жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 13-глава
1. Карызкор аны жашаган жайынан чыгаруу жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптарды ыктыярдуу аткаруу үчүн белгиленген мөөнөттүн ичинде турак жайды бошотпосо, сот аткаруучу карызкордон аткаруу жыйымдарын өндүрүп алуу жөнүндө токтом чыгарат жана карызкорду мажбурлап чыгарууну жүргүзөт.
Карызкордун жогу аткаруу документин аткаруу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
2. Жашаган жайынан чыгарып салуу аткаруу документинде көрсөтүлгөн турак жайды чыгарылуучудан, анын мүлкүнөн, малынан бошотууну жана чыгарылуучуга бошотулган жайды пайдаланууга тыюу салууну өзүнө камтыйт.
3. Жашаган жайынан чыгарып салуу калыс-күбөлөрдүн катышуусу менен жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин көмөгү астында жашаган жайынан чыгарып салуу жана мүлкүн тизмектөө актысын түзүү аркылуу жүргүзүлөт.
4. Сот аткаруучу зарыл учурларда тартылган чыгашаларды карызкорго жүктөө менен жашаган жайынын чыгарылып салынган карызкордун мүлкүнүн сакталышын камсыз кылат.
Эгерде карызкор жашаган жайынан чыгарылып салынган күндөн тартып эки айдын ичинде көрсөтүлгөн мүлкүн алып кетпесе, анда сот аткаруучу көрсөтүлгөн мүлктү ушул Мыйзамда белгиленген тартипте сатууга өткөрүп берет.
5. Карызкордун мүлкүн сатуудан түшкөн жана аткаруу боюнча чыгашалардын ордун толтургандан кийин калган акча каражаттары карызкорго кайтарылат.
Карызкор тарабынан талап кылынбаган акча каражаттары үч жыл бою депозиттик эсепте сакталат. Ушул мөөнөт аяктагандан кийин көрсөтүлгөн акча каражаттары республикалык бюджетке которулат.
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-99" title="99-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>