90-берене. Карызкордун эмгек акысын жана башка кирешелерин кармоонун өлчөмү, аны эсептөөнүн тартиби
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 12-глава
1. Карызкордун эмгек акысынан жана башка кирешелеринен, анын ичинде интеллектуалдык иштин натыйжаларынын авторлоруна берилүүчү сыйакыдан кармап калуунун өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктар кармалгандан кийин жана социалдык чегерүүлөрдөн кийин калган суммадан эсептелет.
2. Аткаруу документин (бир нече аткаруу документтерин) аткарууда карызкордон - жеке жактан эмгек акысынын жана башка кирешелеринин 50 пайыздан ашыгы кармалышы мүмкүн. Кармоолор аткаруу документинде камтылган талаптарды толук өлчөмдө аткарганга чейин жүргүзүлөт.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген карызкордун - жеке жактын эмгек акысынан жана башка кирешелеринен кармоонун өлчөмүн чектөө жашы жетелек балдарга алименттерди өндүрүп алууда, ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтурууда, баккан адамынын өлүмүнө байланыштуу зыяндын ордун толтурууда жана кылмыш менен келтирилген залалдын ордун толтурууда колдонулбайт. Бул учурларда карызкордун - жеке жактын эмгек акысынан жана башка кирешелеринен кармоонун өлчөмү 70 пайыздан ашпайт.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
90-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…авторлоруна берилүүчү сыйакыдан кармап калуунун өлчөмү алынып салынды: салыктарды кармагандан кошулду: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктар кармалгандан кийин жана социалдык чегерүүлөрдөн кийин калган суммадан эсептелет.
2. Аткаруу документин (бир нече … жана башка кирешелеринен кармоонун өлчөмү 70 пайыздан ашпайт.
кошулду: (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-90" title="90-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>