9-берене. Башкы сот аткаруучунун ыйгарым укуктары
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 июня 2026 года № 79
1. Башкы сот аткаруучу:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, областтардын башкы сот аткаруучуларынын, улук сот аткаруучуларынын жана сот аткаруучуларынын иштерин жетектөөнү жүзөгө ашырат, алардын ишин уюштурат жана контролдойт, алардын отчетторун угат, сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик жана башка органдардын, мекемелердин, уюмдардын иштерине катышат;
3) белгиленген компетенциясынын чектеринде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн, сот аткаруучуларынын ишин уюштуруу маселелери боюнча буйруктарды, көрсөтмөлөрдү жана тескемелерди чыгарат;
4) сот аткаруучуларынан аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын, аткаруу документтерин аткаруунун жүрүшү жөнүндө документтерди жана башка маалыматтарды текшерүү үчүн талап кылат;
5) аткаруу өндүрүшү боюнча, аткаруу иш-аракеттеринин тигил же бул өндүрүшү жөнүндө кат жүзүндө көрсөтмө берет;
6) улук сот аткаруучусунун же сот аткаруучусунун мыйзамсыз жана негизсиз чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздигин) жокко чыгарат жана жаңыларын чыгарат;
7) аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө мыйзамды бузууларга жол берилген учурда улук сот аткаруучусун же сот аткаруучусун аткаруу иш-аракеттерин андан ары жүргүзүүдөн четтетет;
8) аткаруу өндүрүшүнө катышат жана зарыл болгон учурда айрым аткаруу иш-аракеттерин же аткаруу документин толук көлөмдө аткарууну жеке жүргүзөт, бул үчүн Башкы сот аткаруучу, жеке сот аткаруучунун өндүрүшүндө турган аткаруу документтерин кошпогондо, өз өндүрүшүнө Кыргыз Республикасынын аймагында аткарылууга жаткан кандай болбосун аткаруу документтерин аткарууга кабыл алууга укуктуу;
9) аткаруу өндүрүшүнүн милдеттерин камсыз кылуу үчүн аткаруу өндүрүшүнүн материалдарын бир сот аткаруучудан же аймактык бөлүмдөн алат жана башка сот аткаруучуга же аймактык бөлүмгө берет;
10) белгиленген тартипте атайын класстык чендерди ыйгарат;
11) аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын сот аткаруучуларынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларын кароону жүзөгө ашырат, жарандарды жеке кабыл алууну жүзөгө ашырат;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Башкы сот аткаруучу сот аткаруучуларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"Редакцияларды салыштыруу
03.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнүн кошулду: Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына … тигил же бул өндүрүшү жөнүндө кат жүзүндө көрсөтмө берет;
6) алынып салынды: областтын башкы сот аткаруучусунун, улук сот аткаруучусунун же сот аткаруучусунун мыйзамсыз жана негизсиз … өндүрүшүнүн жүрүшүндө мыйзамды бузууларга жол берилген учурда алынып салынды: областтын башкы сот аткаруучусун, улук сот аткаруучусун же сот аткаруучусун аткаруу иш-аракеттерин … документин толук көлөмдө аткарууну жеке жүргүзөт, бул үчүн Башкы сот алынып салынды: аткаруучу кошулду: аткаруучу, жеке сот аткаруучунун өндүрүшүндө турган аткаруу документтерин кошпогондо, өз өндүрүшүнө Кыргыз Республикасынын аймагында аткарылууга жаткан … Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
кошулду: (КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-9" title="9-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>